ЖКнын депутаттары Айнуру Алтыбаева (“Ар-намыс”) менен Ыргал Кадыралиева (СДПК) кечээ, 4-ноябрда парламент менен жергиликтүү органдардын өз ара иштешүү алкагында Балыкчы шаардык кеңешинин депутаттары менен жолукту. Бул тууралуу бүгүн, 5-ноябрда ЖКнын басма сөз кызматы билдирди.
Жолугушууда жергиликтүү элди ичилүүчү таза суу менен камсыз кылуу, саламаттыкты сактоо жана социалдык жактан камсыздоо, мектептерди окуу китептери жана куралдары менен камсыздоо маселелери талкууланып, ошондой эле Балыкчыдагы санитардык- эпидемиологиялык станциянын иши тууралуу сөз болду.