Депутаттар коррупция менен күрөшүүнү УКМКдан Башкы прокуратурага өткөрүп берүүнү сунушташууда

Коррупция менен күрөшүүнү Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети эмес, Башкы прокуратура жүргүзүшү керек. Муну парламенттин Мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү комитетинин жыйынында депутат Исмаил Исаков айтты. Айтымында, мыйзам боюнча мындай иштерди прокуратура жүргүзүшү туура. “Мыйзамда жазылуу, муну эмне үчүн бузушубуз керек? Бектен Сыдыгалиевдин (УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын төрагасы) “биз ушундай кылууну туура деп эсептейбиз” деген сөзү үчүн  Конституциянын нормаларын тебелейбизби?"- деди Исаков. 

Айта кетсек, жыйында “Жазык-процесстик кодексине өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору каралууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан