Саруулуктардын талаптарынын бири аткарылды. 7-октябрдагы Караколдо өткөн митинг боюнча айыпталып жаткандардын тергөө иши Бишкекте эмес, Жети-Өгүз районунда өтмөй болду. Муну бизге, SUPER.KG порталына 5-ноябрда аталган райондун акими Дамир Моңолдоров билдирди. Айтымында, буга карабай пикир келишпестиктер болууда.
“Аталган митинг боюнча айыпталып 23 адам кармалып, 14ү кайра бошотулду. Учурда 9 адам камакта. Саруулуктар камактагыларды үй камагына чыгарып, анан тергөө жүргүзүүнү талап кылууда. Иш мыйзам чегинде чечилиши керек да”,- деди аким.
Моңолдоров кошумчалагандай, тергөө иши Жети-Өгүздө улантыла турганына карабай митингге катыштыгы бар делген айрым тургундар тергөөдө суракка катышпай тургандыктарын айтышууда. “Алар суракка келип жооп беришсе, камакта жаткандардын көпчүлүгү бошотулушу да мүмкүн”,- деди ал.