“Юстиция министрлиги күнүгө 2 партиядан каттап жатат”,- деди бүгүн, 5-ноябрдагы ЖКнын Регламент жана депутаттык этика боюнча комитетинин жыйынында Юстиция министри Алмамбет Шыкмаматов.
Министрдин сөзүнө караганда Кыргызстандагы партиялар козу карын сымал өсүүдө. “Мен сиздерге министр катары айтып жатам, биздеги азыр партиялардын саны 350гө жетти, күн сайын 2ден партия катталууда. Алар козу карын сымал тездик менен өсүүдө, бирок партия түзгөндөр партиялык чогулуштарды өткөрүү керектигин, документация жүргүзүү зарылдыгын дайыма биле беришпейт. Бирок биз аларды каттабай коё албайбыз. Анткени тыюу салынган эмес”- деп кошумчалайт министр мырза.