КРнын вице-премьер-министри Камила Талиева, Социалдык өнүктүрүү министри Кудайберген Базарбаев, ошондой эле облустардын өкүлдөрү бүгүн, 5-ноябрда Токмоктогу үй-бүлө зомбулугунан жабыр тартып, жашоонун татаал кырдаалына тушуккандар үчүн ачылып, иштеп жаткан борбордо болушту.
К. Талиева борбордогу аялдар менен баарлашты, алар болсо кандай себептер менен борборго түшүшкөнүн айтып беришти. Алар негизинен күйөөсү же кайненеси менен чатакташкандар. Кризистик борбордун директорунун маалыматына караганда, борбор жарым жылдан бери иштеп келет. Токмоктун мэриясы тарабынан борборду оңдоп-түзөө иштерине 700 миң сом акча каражаты бөлүнүп берилген.