Ош технологиялык университетинде 15-ноябрда мектеп окуучуларынын олимпиадасы өтөт

15-ноябрда  Ош технологиялык университетинде мектеп окуучуларынын III  олимпиадасы өткөрүлөт. Иш-чаранын максаты – мектеп окуучуларынын билим деңгээлин аныктоо, аларга жалпы республикалык тестирлөө убагындагы сабак тандоосуна багыт берүү болуп саналат. Аталган олимпиадага облустун Араван, Кара-Кулжа, Алай, Кара-Суу, Өзгөн, Ноокат райондорунун жана Ош шаарындагы көпчүлүк мектептердин 9-11-класстарынын окуучуларынын катышуусу күтүлүүдө. Олимпиада физика, математика жана химия сабактары боюнча өткөрүлүп, жалпысынан 500дөн ашуун мектеп окуучусу билим деңгээлдерин сынашмакчы. Ал эми олимпиаданын жүрүшүнө, тапшырмаларды берип, жыйынтык чыгаруу иштерине окуу жайдын тиешелүү кафедраларынын окутуучулары жардам беришип, калыстык кылышат. Белгилей кетсек, мындай олимпиада аталган университетте  2011-жылдан бери  өткөрүлүп келүүдө. 

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан