2013-жылдын 12-декабрында “Ата-Бейит” мемориалдык комплексинде залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун күмбөзүнүн ачылышы болот. Бул тууралуу жазуучунун баласы Аскар Айтматов кабарлайт. Анын айтымында учурда курулуш иштеринин акыркы этабы жүрүп жатат. Күмбөздүн авторлору скульптор Садабек Ажиев жана архитектор Улан Бейшенбаев.