Ош. Шаарда Орусия консулдугунун алдына шаар тургундары митингге чыгышты

Бүгүн, 5-ноябрда Ош шаарындагы Орусия консулдугунун алдында митинг болуп өттү. Митингди уюштуруучулар “Кыргыз журтум” коомдук бирикмесинин мүчөлөрү болду. Алар “Орусия мигранттарды кордогонду токтотсун ”- деген талабы менен чыгышты. “Орустар биздин мекендештерибизге фашисттердей мамиле кылып жатат”- дейт бул тууралуу “Кыргыз журтум” коомдук бирикмесинин төрайымы Сапаргүл Бердалиева. Бирок митингдин жүрүшүндө Орусия консулдугу тарабынан митингге чыккан жарандарга эч кандай жооп болбоду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан