Кыргызстанда маалыматтык саясат жок. Муну бүгүн, 5-ноябрда Бишкекте ММК көйгөйлөрү талкууланган тегерек столдо Саламаттыкты сактоо министрлигинин мурдагы маалымат катчысы Елена Баялинова айтты. Ал өзүнөн мурун сөз сүйлөгөн КРнын Президентинин кеңешчиси Фарид Ниязовдун сөзүн сынга алды.
“Сиз үстүртөн айтып жатасыз. Ачык эле айталы, азыр маалыматтык саясат жок. Бийлик бул жерге сунуш-пикир сураганы келди. Эмне иштер жасалганын көрсөтүңүз”,- деди ал.
Эске салсак, Елена Баялинова сентябрь айынын башында кызматтан кеткен. Ал “Ысык-Көлдө катталган кара тумоо боюнча маалыматты ашкере тараттың” деп өкмөт кысым көрсөтүп жатканын айтып, жумуштан кетүү чечимин кабыл алганын билдирген болчу.