Султанбек Жумагулов ЭлТР телекомпаниясынын директорунун милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка президент Алмазбек Атамбаев кол койду. С.Жумагулов буга чейин “Азаттыктын” Бишкектеги кеңсесин жетектеген.
Эскерте кетсек, телеканалдын мурунку директору Шайырбек Абдырахманов өз каалоосу менен кызматтан кетүүгө арыз жазган. Өлкө башчынын башка буйругу менен Абдырахманов кызматынан бошотулду.