Баткендин Кадамжай районуна оорукана куруу үчүн БАЭ 5 миллион доллар берет

Жогорку Кеңештин делегациясы 26-октябрдан 1-ноябрга чейин Бириккен Араб Эмиратында расмий иш сапары менен болду. Делегациянын курамында депутаттар Чолпон Султанбекова, Алмазбек Баатырбеков жана башкалар болушту.

 

ЖКнын басма сөз кызматы билдиргендей, иш сапарда депутаттар БАЭнин Аджман эмиратынын башкаруучусу Хумаид Бин Рашид Аль Нуайми, аталган өлкөнүн парламент төрагасы Мухаммед Ахмед Аль Мар, Дубайдын башкаруучусунун кеңешчиси Ибрагим Абу Милха жана БАЭнин башкалар менен жолугушту.

 

Аджман эмиратынын башкаруучусу менен болгон жолугушууда Кыргызстандын делегациясы өлкө ичинде болуп жаткан саясий, экономикалык маселелер тууралуу маалымат берип, кыргыз-араб эмиратынын мамилелеринин абалы жөнүндө пикир алышты. Дубай шаарында парламент спикери менен болгон жолугушууда тараптар эки өлкө ортосундагы кызматташтыкты жана достукту чыңдоо байланыштарын өнүктүрүү маселелерин, экономика, саламаттыкты сактоо, инвестиция жана маданият чөйрөсүндө иш-аракеттерди өнүктүрүүгө басым жасоону талкуулашты. 

 

Иш сапардын алкагында Баткен облусунун Кадамжай районуна оорукана куруу үчүн 5 миллион доллар өлчөмүндө грант берүү маселеси чечилиптир.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан