Орусияда Кыргыз жараны менен Тажик жараны террордук кылмышка шектелип кармалды

Москва шаарында эл аралык "Хизб ут-Тахрир аль Ислам" террордук уюмунун 2 лидери жана катардагы 5 мүчөсү кармалды. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, кармалгандардын арасында Орусиянын, Тажикстандын жана Кыргыз өлкөсүнүн жарандары болгон.

"Укук коргоо органдары жана атайын кызматтын борбордук аймакта жүргүзгөн ыкчам иликтөө ишинин алкагында "Хизб ут-Тахрир" Ислам уюмунун иштерин уюштуруп жүргөн 2 лидери жана 5 мүчөсү кармалып, камакка алынды", - деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле шектүүлөрдүн жакындарынын жана өздөрүнүн үйлөрүнө тинтүү жүргүзүлүп, тергөө үчүн керектелген байланыш каражаттары, флеш-карталар жана башка маалымат алып жүргөн жабдуулар табылган.

Кармалган жарандарга Орусиянын мыйзамдарына ылайык, "террордук уюмдун ишмердүүлүгүнө катышуу жана уюштуруу" беренеси менен кылмыш иши козголгон. Андан тышкары алар 10 жылдан 20 жылга чейин эркинен ажыратылышы ыктымал экендиги жазылган маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
alimbek94
2021-09-20 12:58:36
Диний фанатизм канчалык коркунучтуу болуп кетээрин көрүп жатабыз.
Башка көз караштагы адамдарга болгон чыдамсыздык радикализмди пайда кылат.
-4
KG-312
2021-09-20 13:05:15
Буга окшогон миңдеген Кыргыз балдары орусиянын түрмөлөрүндө жок жерден терроризмге айыпталып жатышат.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан