Бүгүн, 20-сентябрда социалдык тармактарга бир адамды маршруттук таксиден сууруп чыгып, тепкиге алган үч кишинин видеосу тарады. Окуя Новопавловка айылында болгону жана сабалган адам ооруканада экендиги айтылууда.
Ал эми укук коргоо органдары азырынча бул тууралуу маалымат таратыша элек.