Камила Талиева гендердик өнүгүү боюнча көчмө жыйын өткөрдү

Кыргыз Республикасынын  Вице-премьер-министри Камила Талиева 5-ноябрда гендердик өнүгүү боюнча Улуттук  кеңештин көчмө жыйынын өткөрдү. Улуттук пландын аткарылышы боюнча мониторинг жасалгандыгын айтып:  “Жер-жерлердеги анализ көрсөткөндөй, иш канааттандырарлык абалда эмес, пландалган  иштердин көбү учурунда аткарылбай жатат”,- деди ал. Мындан сырткары  мектеп менен бала бакчалардын жетишсиздигинен улам аялдардын 35,2 пайызы үй-бүлөлүк маселелер менен гана алек болуп жаткандыгын кошумчалады. “Өкмөт бул көйгөйгө өзгөчө көңүл бурууда. “Капиталдык салым” беренеси боюнча мектепке чейинки мекемелердин курулушу каралып жатат”,- деп белгиледи Талиева. Вице-премьер-министр үй-бүлөлүк зордук-зомбулукка учураган жана оор кырдаалдарга туш келген аялдар үчүн ачылган Токмок шаарындагы кризистик борборду барып көрдү. Кризистик борбор 2013-жылдан баштап ишке берилген. Социалдык мейманкананын имаратын оңдоого Токмок шаардык мэриясы тарабынан 700 миң сом бөлүнгөн.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан