Жол кайгуул кызматы бош орундар үчүн сынак жарыялайт

Бишкек ШИИББинин Жол кайгуул кызматы бош орундар үчүн сынак жарыялайт.  Бул тууралуу жогоруда  аталган башкармалыктын басма сөз кызматы билдирет.  Маалыматка караганда, 19-20-21-ноябрь күндөрү  Жол кайгуул кызматынын инспекторлугу үчүн болуп жаткан сынактын үчүнчү этабы өтөт.  Сынакта  талапкерлердин  физикалык, адистик жана аскердик жөндөмү, жол эрежелери боюнча тест тапшыруу жана нормативдик-укуктук актылар боюнча билими каралат. Айта  кетсек  учурда Жол кайгуул кызматында 30 кызмат орду бош.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан