Асия Сасыкбаева орусиялык окумуштуу Владимир Квинт менен жолугушту
Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Асия Сасыкбаева
5-ноябрда Орусия илимдер академиясынын чет өлкөлүк мүчөсү, экономика илимдеринин
доктору Владимир Квинт менен жолугушту. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз
кызматынан билдиришти. Асия Сасыкбаева жылуу кабыл алуу менен, профессордун
“Мамлекеттин стратегиясын иштеп чыгуу маселелери жана анын келечеги”
темасындагы лекциясы эксперттер, мамлекеттик орган жетекчилери үчүн
маанилүү экендигин баса белгиледи. Жолугушууда тараптар экономика жаатындагы
маселелерди 2013-2017-жылдары Кыргызстанды туруктуу өнүктүрүү стратегиясынын
бир катар ченемдерин талкуулады. Квинт “Туризм тармагы Кыргызстан үчүн
“алтын казына”, экономиканын бул тармагын өнүктүрүү өлкө үчүн экономикалык
кескин өсүүгө алып келет” деп билдирди. Владимир Львович Квинт – илим жаатында
жигердүү иш алып барган илимдин көрүнүктүү өкүлү. Экономикалык стратегиянын теориясы менен
усулу боюнча ири адис. Акыркы жыйырма жылда рынокту түзүү жагында изилдөөлөрдү
жүргүзүп келет. Анын илимий изилдөөлөрүн көптөгөн жаңыдан өнүгүп келаткан
өлкөлөр пайдаланууда.