Ош. Шаарда майыптар күнүнө карата кайрымдуулук акциясы өтөт

3-декабрь -Майыптардын эл аралык күнүнө карата Ош шаарында 10-ноябрдан 25-ноябрга чейин кайрымдуулук акциясы  өтөт. Аталган иш-чаранын жыйынтыгы 28-ноябрда чыгат. Кайрымдуулук акциясын “Ар бир балага үй- бүлө” аттуу коомдук фонду уюштурууда. Акцияда топтолгон акча каражаттары шаардагы ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген өспүрүмдөргө жана социалдык жактан жардамга муктаж үй-бүлөлөрдүн балдарына жумшалат. Чогулган акча каражаттарына керектүү медициналык каражаттарды, азык-түлүктөрдү жана кийим-кечелер сатып алынат.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан