Жогорку Кеңеш: Ысык-Көл облусунун башчысы Эмил Каптагаевдин иш аракетин териштирүү талабы айтылды

Жогорку Кеңештин 6-ноябрдагы жыйынында депутат Жылдыз Жолдошова президентке кайрылуу жасап, Ысык-Көл облусунун башчысы Эмил Каптагаевдин иш аракетин териштирип чыгуу талабын айтты. Депутат буларды айтты: 

 

“2010-жылдын июнь айында Эмил Каптагаев саат 02:00дө Кыргызстан элдер ассамблеясында сепаратист Кадыржан Батыров менен жолугушкан. Көп өтпөй Ош окуясы чыгып кетти. Алар жолугушуп, эмнени сүйлөшкөнүн аныкташ керек. Ал банктык ячейкалардан канча акча алганын, аларды каякка жумшаганын айтып бериши кажет. Ысык-Көлдөгү “Солнышко”, “Витязь” жана башка пансионаттарды туугандары менен иштетип келди. Кирешелери кайда кеткени белгисиз”. 

 

Жолдошова Караколдогу митингдин катышуучуларын Э.Каптагаевдин жигиттери сабаганы айтылып жатканын билдирди. Өкмөткө кайрылып “Каптагаевди тез арада кызматтан алыш керек”,- деди ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан