Тайырбек Сарпашев “Журналисттердин мыйзамдуу чогулткан материалдарына карата чектөө жана цензура жок” деди

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Тайырбек Сарпашев 5-ноябрда “Мамлекеттик массалык маалымат каражаттары: жаңы чындыктар, көйгөйлөр жана өнүгүү перспективалары” аттуу тегерек столго катышты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти. “Кыргызстанда болуп жаткан окуяларды  элдин калың катмарына жеткирүү үчүн өлкөдүгү бардык массалык  маалымат каражаттарына толук ыйгарым укук берилген. Бул сөз эркиндигин өнүктүрүүгө багытталган. Көз карандысыз аналитиктердин айтымында, Апрель революциясына чейин бир топ ата мекендик ММКлардын ролу ошол кездеги жетекчиликтин кабыл алган чечимдерин үгүттөө менен чектелген экен”,- деди ал. Бийлик менен ММКлар ортосундагы кызматташтык тууралуу, мамлекет жарандарга бардык маалыматтарды  алууга (жашыруун маалыматтардан сырткары) мүмкүнчүлүк түзүп берүүсү керек, журналисттер тарабынан мыйзамдуу чогултулган материалдарга чектөө жана цензура жок деген оюн айтты.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан