Туратбек Мадылбеков, депутат: “Аткаминердин жакындарынын бизнес менен алектенишине тыюу салуу туура эмес”

Аткаминердин жакындарынын бизнес менен алектенишине тыюу салуу туура эмес, бул алардын укуктарын бузуу. Муну парламенттин 6-ноябрдагы жыйынында депутат Туратбек Мадылбеков билдирди. Айтымында, аткаминердин жакындарына караштуу компанияларды да мамлекеттик тендерлерге катыштырбоо туура эмес. 

 

“Мен деле коррупциянын тамырын кесүүгө кызыкдармын. Бирок сунушталып жаткан мыйзам иштебейт. Кыргыздарда 10 бир тууган болот, бири ишкер, бири дыйкан, бири депутат. Эмне баарына тыюу салабызбы?”,- деди Мадылбеков. 

 

Мыйзам демилгечиси Дастан Бекешев: “Аткаминерлердин жакындарынын бизнес менен алектенишине эч ким тыюу салбайт. Бирок мамлекеттик тендерлерге катышпайсың”,- деди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан