Ахматбек Келдибеков: "Аткаминердин жакындары бизнес менен алектенсин, бирок мамлекеттик тендерлерге катышпасын"

"Кыргызстанда ар бир адам бизнес менен алектенүүгө укуктуу, бирок мамлекеттин эсебинен эмес",- деди депутат Ахматбек Келдибеков парламенттин 6-ноябрдагы жыйынында. Айтымында, аткаминерлердин жана алардын жакындарынын компанияларын мамлекеттик тендерлерге катыштырууга тыюу салууга багытталган мыйзам долбоорун колдош керек.    

“Айрым депутаттардын бул мыйзам кимдир бирөөнүн укугун чектейт дегени негизсиз. Аткаминердин жакындарынын компаниялары тендерге катышса, башка компанияларга караганда көбүрөөк мүмкүнчүлүккө ээ экени белгилүү”,- деди Келдибеков.   

 

Мыйзам долбоору добуш берүүгө жиберилди.

 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан