Хабаровскто дайынсыз жоголгон АН-26 учагынын калдыктары табылды

Орусиянын Хабаровск шаарына жакын жердеги Спартак лыжа базасынын аймагынан дайынсыз болуп изделип жаткан АН-26 учагынын калдыктары табылды. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазды.

Маалыматка ылайык, учурда аталган аймакты коюу булут каптаганына байланыштуу куткаруучулар жете элек. Бирок учактын калдыктары табылган. Булут тараган соң Ми-8 тик учагы конууну көздөп жатат. Куткаруучулар учурда конууга жер издеп жатышат. Издөө иштерине 70тен ашуун куткаруучу жана 20дай техника тартылган.

Кечээ, 22-сентябрда АН-26 учагы Хабаровсктон 38 чакырым алыстыкта ​​радардан жоголгон. Учакта экипаждын 6 мүчөсү бар болчу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан