Жогорку Кеңеште “25-мартты Парламентаризм күнү деп белгилөө жөнүндө” Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору каралууда. Демилгечи депутат Айнуру Алтыбаеванын айтымында, бул токтом парламенттик башкаруунун өнүгүшүнө салым кошот. “Айта кетсем, бул күн календарда кызыл менен белгиленип, салтанаттуу түрдө белгиленбейт. Кадимкидей эле иш күнү болот”,- деди депутат.
Башка депутаттар бул токтомду кабыл алууга зарылчылык жок экенин айтып чыгышты. Депутат Дастан Жумабеков: “Биз андан көрө татыктуу иштеп, кийинки чакырылыштын депутаттарына үлгү көрсөтүп кетели”,- деди.