Алмазбек Атамбаев кыргызстандыктарды Улуу Октябрь социалисттик революция күнү менен куттуктады

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев мекендештерин Улуу Октябрь социалисттик революция күнү менен куттуктады. Куттуктоонун тексти: “Урматтуу мекендештер! Сиздерди Улуу Октябрь социалисттик революция күнү менен куттуктайм! 1917-жылы октябрдагы болгон окуя чоң өлкөнүн тагдырын эле эмес, дүйнөлүк тарыхтын жүрүшүн өзгөрттү. Кыргызстандагы Октябрь революциясынын жүрүшүнө баа берүү  кыйын болгону менен ал кыргыз элинин тагдырындагы бурулуш жасаган окуялардын бири болду. Катачылыктар да жок эмес, ошого карабастан биз коом, социалдык-экономикалык тармактарда жетишкендиктерди багынта алдык. Совет доорундагы Кыргызстан – бүтүндөй бир доор. Эгемендүүлүктүн алгачкы 22 жылында жаңы коомду түзүү канчалык оор экенин түшүндүк. Бүгүн биз эркин, күчтүү, өнүккөн өлкөнү курууну максат кылып жатабыз. Максатыбызга бараткан жолдо тарыхыбызды унутпашыбыз керек. Баарыңыздарды Улуу Октябрь социалисттик революция күнү менен куттуктап, тынчтык, бейпилдик каалайм!”
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан