Жогорку Кеңештин 6-ноябрдагы жыйынында депутат Жылдыз Жолдошова Ош окуясы боюнча Эмил Каптагаевдин канчалык катыштыгы бар экенин текшерип, бир жообун жарыялап коюуну УКМКнын орун басары Аман Мамбетсеитовдон өтүндү. Жолдошова: “Мен Эмил Каптагаевдин кудасы, башкы прокурор Аида Саляновага ишенбейм. 4 айдан бери мен андан Курманжан Датка фондуна байланыштуу биздин документтерди да текшерип койсун деп, кызматкер жиберүүсүн сурандым. Бирок бир да кызматкери келген жок”,- деди Жолдошова.