Парламенттин 6-ноябрдагы жыйынында депутат Мыктыбек Абдылдаев “Кумтөр” боюнча сүйлөшүү үчүн Канадага барбай турганын айтты. Айрым маалымат булактарында өзүнүн Торонтого бара турганы жарыяланып жатканын билдирген депутат: “3 жолу тактоо киргизгениме карабай дагы эле айтылып жатат. Дагы бир жолу кайталап коёюн, мен Канадага барбайм”,- деди.