Жогорку Кеңеште экстремисттик топторго байланышкан мыйзам долбоору каралды

Жогорку Кеңеште бүгүн, 6-ноябрда диний экстремизмге каршы күрөшүүгө байланыштуу мыйзам долбоору каралууда. Мыйзам экстремисттик топтордун символ, атрибуттарын ММКлар аркылуу коомчулукка жарыялоого тыюу салат. Эгер сот кайсы бир уюмду экстремисттик деп тапса, аларды да пропагандалоого тыюу салынат.  Буга депутат Исмаил Исаков каршы жана бул аракет журналисттердин ишин чектейт деген ойдо. “Эгер сот кайсы бир уюмду экстремисттик деп тапса, ал топту жаман деп элге маалымат берген журналист кылмышкер болуп калат. Экинчи жакты да ойлойлу”,- деди ал. 

Мыйзам долбоору добуш берүүгө жөнөтүлдү.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан