Жогорку Кеңештин депутаты Турсунбай Бакир уулу парламенттин 6-ноябрдагы жыйынында депутаттарды жана жыйынга катышып жаткан өкмөт өкүлдөрү менен журналисттерди жаңы жылы менен куттуктады. “Хиджра жыл санагы боюнча 1435-жыл башталды. Баарыңыздарды куттуктайм”,- деди Бакир уулу.
Жыйында Жогорку Кеңештин Регламенти жөнүндө” КРнын мыйзамына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору талкууланууда.