ЖКнын төрагасы: “Жыйынга 40тай депутат катышууда. Келбеген депутаттарды ММК аркылуу жарыялайбыз”

Жогорку Кеңештин 6-ноябрдагы жыйынына түштөн кийин 40ка жетпеген депутат катышууда. Төрага Асылбек Жээнбеков буга нааразы болуп: “Урматтуу депутаттар, өзүңүздөр үчүн гана каттоодон өтүңүздөр. Кворум болбосо жумушту токтотобуз. Келбеген депутаттардын атын ММК аркылуу элге жарыялап, айып пул салабыз. Жыйында 40тай депутат отурат, ал эми каттоодон 94 депутат өттү деп турат”,- деди. 

Фойедеги депутаттар чакырылып, каттоодон 76 депутат өттү. Жыйын уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан