Парламентте “Жогорку Кеңештин Медалы жөнүндө” мыйзам долбоору каралып, экинчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү. Мыйзам демилгечилеринин бири депутат Каныбек Иманалиевдин (сүрөттө) айтымында, Жогорку Кеңештин медалы менен Кыргызстанда парламентаризм салттарынын калыптануусуна чоң салым кошкон адамдар сыйланат.
Белгилей кетсек, мыйзам долбоору буга чейин Жогорку Кеңештин бир катар тармактык комитеттеринде каралып жактырылган.