Парламентте “Республикалык бюджеттен каржыланган орто кесиптик билим берүү жана башталгыч кесиптик билим берүү жаатындагы иштердин абалын, анын ичинен канча окуучулар жана студенттер бар экендигин иликтөө боюнча депутаттык комиссия түзүү жөнүндө” ЖКнын токтом долбоору талаш-тартыш жаратты.
Депутат Бөдөш Мамырова: “Учурда ишин аягына чыга элек бир топ депутаттык комиссия бар. Кайрадан комиссия түзүүнүн кереги жок. Андан көрө бул тапшырманы өкмөттүн өзүнө жүктөйлү. Эгер болбосо анан түзөлү”,- деди.
Демилгечи депутат Каныбек Осмоналиев “Өкмөт 2 жолу комиссия түзүп жыйынтык болгон жок. Бир айылда кесиптик техникалык окуу жайда 200дөн ашуун баланын ордунда 12 бала отурат. Ата-энесин, күчүгүн, мышыгын кошсоң да 200 балага жетпейт. Директору ошол 10 чакты баланын фамилиясын араң таап берди. Миллиондогон акчалар шамалга сапырылууда, муну иликтеп чыгыш керек”,- деди.
Жыйынтыгында сунуш добушка коюлуп, колдоо тапты. 56 депутат “макул”, 13 депутат “каршы” добуш берип, депутаттык комиссия түзүлдү. Комиссиянын курамы:
Наталья Никитенко ("Ата Мекен"), Каныбек Осмоналиев ("Ар-намыс"), Абдимуталип Кочкорбаев ("Ата Журт"), Роза Акназарова ("Республика"), Карамат Орозова (КСДП).
Комиссияга 1 ай мөөнөт берилди.