2013-жылы Кыргызстанда 200 миң тонна кант кызылчасы жыйналган. Бул көрсөткүч мурдагы жылга салыштырмалуу 2 эсеге көп. Мындай маалыматты Экономика министри Темир Сариев бүгүн өкмөтүн жыйынында билдирди. Ошондой эле Темир Сариев: “Экономика министрлиги менен Айыл чарба жана мелиорация министрлиги биргеликте сырттан импорттолуп жаткан кантка убактылуу бажы салыгын киргизип турууну пландаганбыз, бирок вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев бул нерсеге каршы. Эгер биз айыл чарбасына тиешелүү көңүл бура албасак, анда эмнеге айыл чарбасын колдоо жөнүндө сүйлөп жатабыз?” деп кошумчалады.