“Мен бандиттерден коркпойм, УКМК менен ИИМдин башчысынан корком. Анткени мени камап салышкан, эми да камап коюшу мүмкүн”,- деди депутат Өмүрбек Абдрахманов ЖКнын 6-ноябрдагы жыйынында. Айтымында, укук коргоо органдарында коррупция жок деп айтуу туура эмес. Ички иштер министринин орун басары Курсан Асановго кайрылып: “Участкалык милиция кызматкерлеринин айлыгы 8 миң сом экен. Муну 1 айга бөлгөндө күнүнө 260 сомдон айланат. Бир үй-бүлөдө 3 адам деп эсептесек, бир адамга күнүнө 88 сомдон тиет. Ал эми түрмөдө отурган кылмышкер үчүн күнүнө 90 сом бөлүнөт. Анан кантип укук коргоо органдарында коррупция жок деп айтып жатасыңар?”,- деди Абдрахманов.
Депутат милиция кызматкерлеринин айлыгын көтөрүп, аларды катуу көзөмөлгө алмайынча тармакта алдыга жылыш болбой турганын кошумчалады.