Жантөрө Сатыбалдиев Бишкектин мэрине: “Эгер иштегиңиз келбей жатса, кийинки шайлоону күтүп туруңуз”

Бүгүн, 6-ноябрдагы өкмөттүн жыйынында премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев Бишкек шаарынын мэри Иса Өмүркулов менен Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Каныбек Нарбаевдин ишин сындады. “Иштегиңер келсе иштегиле, иштегиңер келбесе кийинки шайлоону күтүп тургула, ошондо иштейсиңер”,- деди өкмөт башчы. 

Жантөрө Сатыбалдиев өкмөт мүчөлөрүнүн маалыматы боюнча, көмүскө экономика ички дүң продукциянын 40 пайызын түзө турганын айтты. “Эч ким иштебей жатат. Күндө иш сапары боюнча менин кабылдамамда отурасыңар. Иштеш керек”,- дейт Сатыбалдиев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан