Жалал-Абад облусунун башчысы Жусупали Торомаматовдун Польшага уруксат сурабай барып келишине өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев нааразы. Муну премьер-министр бүгүн, 6-ноябрда өкмөт жыйынында айтты.
“Сиз Польшага барбасаңыз, биздин алар менен мамилебиз бузулуп кетеби?”,- деди Сатыбалдиев. Торомаматов өкмөттүн токтому менен барганын айтты эле, премьер-министр күнүнө көптөгөн токтомдорго кол коё турганын, аталган облус башчынын фамилиясын байкабай калышы мүмкүн экенин айтты.