Вице-премьер-министр “Торугарт” көзөмөлдөө өткөрмө бекетиндеги чыр-чатакка байланыштуу кеңешме өткөрдү

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Токон Мамытов 6-ноябрда “Торугарт” көзөмөлдөө өткөрмө бекетиндеги кыргыз жана дунган унаа ташуучуларынын ортосундагы чыр-чатакка байланыштуу кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти. Кеңешмеге Жогорку Кеңештин депутаттары, Ички иштер, Унаа жана байланыш министрликтеринин, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет, Мамлекеттик бажы кызматы, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу жана улуттар аралык мамиле мамлекеттик агенттигинин жетекчилери, өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлү, унаа ташуу менен алектенгендер, ишкерлер жана жарандык коомдун өкүлдөрү катышты. Жолугушууда пайда болгон кырдаалдан чыгуу жолдору талкууланды. Жыйында кыргыз жана дунган унаа ташуучулары да өз ойлорун айтышты. Алар сүйлөшүү жолу менен кырдаалдан чыгуу жагын билдиришти. Токон Мамытов унаа ташуучуларга ушул жуманын ичинде жыйын өткөрүп, алгылыктуу шарттарды иштеп чыгуу керек экендигин айтты. “Чагымчылдарга катуу чара колдонулат. Улуттук коопсуздук комитетине жана Ички иштер министрлигине чагымчылдарды табуу жана алардын иш-аракетине бөгөт коюу тапшырмасы берилди”,- деди ал.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан