Ички иштер министри Абдулда Суранчиев мектеп рэкетчилигине ата-энелер күнөөлүү экенин айтты

Ички иштер министри Абдулда Суранчиев бүгүн, 6-ноябрда өкмөт жыйынында мектеп рэкетчилигине ата-энелер себепчи болуп жатканын айтты. “Рэкетчиликке ата-энелердин көбү чет өлкөгө иштегени кетип, балдары көзөмөлсүз калганы, аларга тарбиянын жетишсиздиги себеп болууда”,- деди министр. 

 

Мектеп окуучуларынын коопсуздугун камсыз кылуу ишке ашпай жатканын айткан өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев: “1 баланын өлүмү да катастрофа. Жабыр тарткан балдар үчүн ким жооп берет?” деди. 

 

Буга А.Суранчиев Ички иштер министрлиги, Билим берүү жана илим министрлиги жана мектеп жооп бериши керектигин айтты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан