Кыргызстанда быйыл мектеп рэкетчилиги боюнча 7 кылмыш иши сотко жиберилди. Муну өкмөттүн 6-ноябрдагы жыйынында ички иштер министри Абдулда Суранчиев маалымдады. Айта кетсек, өкмөт жыйынында мектеп жашындагы балдардын кылмыштуулугу боюнча маселе каралды. Министр билдиргендей, өлкө боюнча бирөөнү коркутуп акча же буюм талап кылуу фактысы боюнча 198 кылмыш иши катталды. Анын 79у Бишкекте.