Жогорку Кеңеште бүгүн, 6-ноябрда 25-мартты “Парламентаризм күнү” деп жарыялоо тууралуу токтом долбоору добушка коюлуп, колдоо тапкан жок. Демилгечи депутат Айнуру Алтыбаева Кыргызстан парламенттик башкарууда жашап жаткандан кийин бул күндү расмий түрдө белгилөө туура деп эсептейт. Бирок талкуу учурунда көпчүлүк депутаттар каршы болушуп, “парламенттик башкарууда жашап жатканыбызды майрам түзүү менен эмес, ишибиз менен далилдейли”- деген пикир айтышты.