Жогорку Кеңеште бүгүн, 6-ноябрда КРнын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору каралып, биринчи окууда кабыл алынды. Мыйзам аткаминерлердин жана алардын жакындарынын компанияларын мамлекет жарыялаган тендерлерге катыштырууга тыюу салат. Демилгечи депутаттардын бири Дастан Бекешевдин айтымында, долбоор коррупциянын алдын алуунун бир жолу.
Айрым депутаттар бул мыйзам кыргыз элинин менталитетине туура келбей турганын, кыргызда тууганчылык катыш күчтүү экенин айтышты.
Жыйынтыгында айтылган сунуш-пикирлерди эске алуу менен мыйзам долбоору добушка коюлуп, көпчүлүк депутаттар колдошту. Эми 2-3-окууларда долбоорго өзгөртүү, толуктоо киргизилип кайрадан парламент жыйынында каралат. 3-окууда колдоо тапса президентке кол коюуга жөнөтүлөт.