Швейцариялык эксперттер 2004-жылы көз жумган Палестина лидери Ясир Арафаттын полонийден (радиоактивдүү химиялык элемент) ууланып өлгөнүн тастыкташты. Мындай маалыматты дарыгерлердин корутундусу менен таанышкандан кийин анын жубайы Суха Арафат жарыялады. Экспертизаны Лозанна университетинин радиациялык физика институтунун адистери жүргүзүп, жыйынтыгында Ясир Арафаттын денесинде полонийдин нормадан 18 эсе көп экени белгилүү болду. “Бизге чыныгы кылмышты ачышты. Бул саясий нуктагы киши өлтүрүү”,- деди анын жубайы.
Ясир Арафат: 1929-жылы, 24-августта туулган. 1969-жылдан өмүрүнүн аягына чейин Палестина боштондук кыймылын жетектеген. 1994-жылдан баштап Палестина улуттук администрациясынын төрагасы болгон. Арафаттын ден соолугу 1994-жылдын 28-октябрында кескин начарлай баштап, 2004-жылы, 11-ноябрда Францияда көз жумган.