Коомдук тамактануучу жайларды массалык текшерүүдө сифилис жана кургак учук оорусуна шектүү жумушчулар табылды

Коомдук тамактануучу жайларды күтүүсүз текшеришкен соң санэпидемиологдор  медициналык текшерүүдөн өтпөй эле иштеп жүрүшкөн 3 миң 51 адамды жумуштан четтетти. Бул тууралуу Бишкектеги  пресс-конференцияда Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаментинин башчысы Толо Исаков билдирди. Кээ бир жумушчуларга карата сифилис (котон жара)  жана кургак учук менен ооруйт деген шек туулгандыгын да кошумчалайт Исаков. Текшерүүдөн соң 20 материал прокуратурага өткөзүлүп берилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан