Депутаттар Садыр Жапаровду туулган күнү менен куттукташты
ЖКда депутат Мыктыбек Абдылдаев депутаттарга кайрылып, камактагы депутат Садыр Жапаровдун туулган күнү экенин айтып, аны куттуктап коюу керектигин белгиледи. Өз учурунда төрага Асылбек Жээнбеков Садыр Жапаровду туулган күнү менен куттуктап, ага бекем ден соолук, үй-блөлүк бакыт каалады.