Ош. Шаарда таш төшөлгөлөрдү төшөөгө жана бетон арыктарды курууга 445 миң доллар сарпталды

Ош шаарында тротуарларга таш төшөлгө (брусчатка) төшөө жана бетон арыктарды  куруу иштери улантылууда. Ош шаардык жол башкармалыгынын жетекчиси Улук Жанибековдун айтымында, бүгүнкү күндө куруу иштери 90 пайызга аткарылып бүттү.  Бул иштерге Ош шаардык жетекчилиги жана "Арис" программасы тарабынан бөлүнүп берилген 445 миң доллар акча каражаты сарпталды.  Учурда Ош шаарындагы Масалиев, Навои, Ленинград, Шакиров, Нурматов,  Петров, Осмонов көчөлөрүндөгү жана Ак-Тилек кичи райондогу тротуарларга  таш төшөлгөлөр төшөлдү.  Ал эми бетон арыктар Ленин, Абдыкадыров  көчөсүнө жана Мотодром аймактык кеңешине курулду. Алардын  жалпы узундугу 2531 метрди түзөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан