ЖКнын бүгүнкү жыйынында Ахматбек Келдибеков камактагы Камчыбек Ташиевдин абалына кайдыгер карабоо керектигин билдирди. "Камчыбек Ташиевди камакта кармаганга болбойт деген медициналык аныктама бар. Ал медициналык клиникада дарыланыш керек. Бирок Ташиев "мени чыгарып бергиле деп суранбайм" деди. Бул боюнча маселе көтөрүшүбүз кажет, андай тагдыр ар бирибиздин башыбызга келип калышы мүмкүн",- деди Келдибеков.