Кечээ, 6-ноябрда “Республикалык бюджеттен каржыланган орто кесиптик билим берүү жана башталгыч кесиптик билим берүү жаатындагы иштердин абалын, анын ичинен канча окуучулар жана студенттер бар экендигин иликтөө боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин убактылуу комиссиясын түзүү жөнүндө” Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору каралып, кабыл алынды. Депутаттык убактылуу комиссиянын курамына К.Осмоналиев (“Ар-намыс”), Наталья Никитенко (“Ата Мекен”), Абдумиталип Кочкорбаев (“Ата Журт”), Роза Акназарова (“Республика”) жана Карамат Орозова (КСДП) кирген. Жыйында Билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча комитетинин төрагасы Каныбек Осмоналиев айрым билим берүү мекемелеринде документте көрсөтүлгөн студенттердин саны менен учурда окуп жаткан студенттердин саны дал келбеген фактылар бар экенин белгилеген.