Премьер-министр мамлекеттик ишмер Турдакун Усубалиевди туулган күнү менен куттуктады

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев кечээ, 6-ноябрда, мамлекеттик жана коомдук ишмер Турдакун Усубалиевди туулган күнү менен куттуктады. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти. Кыргыз ССР Коммунисттик Партиясынын Борбордук Комитетинин Биринчи секретары, Кыргыз Республикасынын Баатыры, “Ак – Шумкар” орденинин кавалери Турдакун Усубалиев 94 жашка чыкты. Жолугушуунун жүрүшүндө Жантөрө Сатыбалдиев жана Турдакун Усубалиев өлкөнүн учурдагы саясий-экономикалык абалы туурасында сөз кылышты. Премьер-министр мамлекеттин социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрүн жакшыртуу үчүн өкмөт тарабынан жасалып жаткан иштер туурасында айтып берди. Өз кезегинде Турдакун Усубалиев Кыргызстан ынтымак менен биримдикте, экономикасы өнүккөн, эли жыргалчылыкта жашаган мамлекет болсун деген ниетин билдирип, батасын берди.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан