Ошто кыргыз-өзбек чек арасы боюнча эки тараптуу жолугушуу өтүүдө

4-6-ноябрь күндөрү Ошто кыргыз-өзбек мамлекеттик чек ара маселеси боюнча өкмөттөр аралык жумушчу топтун жолугушуусу болду. Анда эки өлкө ортосундагы такталбаган чек ара аймактары боюнча талкуу болгонун өзбекстандык маалымат булактары жарыялашты. Эки тараптын кезигүүсүндө Ош облусу менен Андижан облусунун аймагындагы талаш жерлер боюнча пикир алышуу болуптур. КРнын Коргоо, коопсуздук жана чек ара маселелери боюнча вице-премьер-министри Токон Мамытовдун айтымында, жолугушуулар уланууда. "Азырынча сүйлөшүү бүтө элек. Жыйынтыгы 1-2 күндүн ичинде белгилүү болот",- деди Мамытов. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан