Эмомали Рахмон Тажикстандын президенти болуп кайра шайланды

Тажикстанда 6-ноябрда президенттик шайлоо өттү. Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматы боюнча, 1-орунду учурдагы президент Эмомали Рахмон алып, кайрадан өлкө башчысы болуп шайланды. Ага шайлоочулардын 83,6 пайызы добуш беришти. 

Экинчиге “коммунист” Исмоил Талбаков (5 пайыз), үчүнчүгө “Агрардык партиянын” талапкери Толиббек Бухориев (4,5 пайыз) чыкты. 

БШК билдиргендей, өлкө башчы тандоого шайлоочулардын 86,6 пайызы катышты. Өлкөдөгү 69 шайлоо округунда саат 06:00дөн 20:00гө чейин 3 100 шайлоо участкасы иштеди. Тажикстандан сырткары 61 шайлоо участкасы добуштарды кабыл алды.   

 

Айта кетсек, Э.Рахмон Тажикстанды 1994-жылдан бери башкарып келет. Бул жолу 61 жаштагы Рахмон төртүнчү мөөнөткө президент болуп шайланды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан