*1793-жылы Дүйнөдөгү эң белгилүү жана тарыхый музейлердин бири Лувр музейи биринчи жолу эшигин көрүүчүлөргө ачкан (220 жыл мурун). Айта кетсек, Лувр музейи Франциянын борбору Париждеги Сена дарыясынын жээгинде жайгашкан. Атактуулугу жагынан Дүйнөдөгү алдынкы музейлердин бири. Маалыматтар боюнча, 2012-жылы 9 720 260 көрүүчүнү кабыл алган. Жалпы аянты 160 106 чарчы метрди түзүп, анын 58 470 чарчы метринде экспозициялар жайгашкан.
*1711-жылы Михаил Ломоносов жарык дүйнөгө келген (302 жыл мурун).
*1934-жылы Кыргызстанда сүрөтчүлөрдүн биринчи көргөзмөсү ачылган (79 жыл мурун).
*1961-жылы КВН (Клуб Весёлых и Находчивых) программасынын алгачкы чыгарылышы эфирге чыккан (52 жыл мурун).
8-ноябрда Дүйнөдө жана Кыргызстанда бир топ окуялар болуп өткөн.